№ 26 ФРАНЦУЗ ТИЛИН ТЕРЕНДЕТИП ОКУТУУНУ КАМТЫГАН ГИМНАЗИЯ-КОМПЛЕКСИ

Окуу-тарбиялык иштер

Биз жөнүндө

Мектеп 1965-жылы орто мектеп болуп түзүлгөн. Жыл сайын биздин мектеп жогорку жетишкендиктерди көрсөтүп жатты. 1997-жылы биздин мектеп гимназия болуп, 2001-жылы “Француз тилин тереңдетип окутууну камтыган мекеме” статусун алды.  2002-жыл өтө кубанычтуу жылдардан болду. Себеби №26 гимназия комплекси шаардагы  эң инновациялуу мектеп болуп табылды. Ал эми 2009-жылы гимназия Эл аралык проект боюнча 102 мектептин ичинен 2-орунду алды. 2009-жылы №26 гимназия-комплекси “Жүрөгүмдү балдарга арнайм” шаардык конкурсунда жеңүүчү болду. 2013, 2017-жылдары да “Жүрөгүмдү балдарга арнайм” конкурсунда  “Мыкты кабинет, “Жаш мугалим” номинацияларын жеңип алган. Булар биздин гимназиянын акыркы жетишкендиктери эмес, алдыда дагы көптөгөн ийгиликтер күтүп турат.