Чет тилдеринин декадасы
2019-2020-жылы 10-февралдан 15-февралга чейин англис тилинин жумалыгы болуп өттү.
Бул жумалыкта кафедранын баардык мугалимдери ар кандай иш-чараларды өткөрүштү: “Англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдүн сулуулугу” (English- speaking countries), паралелль каласстар боюнча викториналар өткөрүлдү. Окуучулардын аң-сезимин өстүрүү максатында “Англис тили –эл аралык пикир алышуунун тили” деген темада ачык сабактар өтүлдү.
Жума сайын Франциядан келген волонтерлор “Club de Conversation en Francais” деген темада гимназиянын окуучуларына сабактарды өтүштү.
2020-жылдын 26-февралда региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата лингвистика кафедрасында “Келечектеги мектеп “ аталышындагы форум болуп өттү. Чет тили мугалимдери инновациялык мастер-класстарды да көрсөтүштү.
Эң мыкты инновациялык материалдар деп төмөнкүлөр аныкталды:
1.Мастер-класс француз тили мугалими Бабко А.С. “ Француз тилин окутууда социалдык-коммуникативдик технологияларды онлайн жаңылык түрүндө колдонуу методикасы”
- Мастер-класс фрацуз тили мугалими Джунусова Г.Б. “ Француз тили сабагында интернетти колдонуу аркылуу грамматикалык компетенцияларды каыпка келтирүү”
- Мастер-класс чет тилдери боюнча директордун орун басары Лугинина О.С. “ Окуучулардын көндүмдөрүн калыптандырууда электрондук түрдө билимин текшерүү жана калыптандыруу”
Комментарии